УНИВЕРСИТЕТ         СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МААЛЫМАТТАР                                            

Илимий иштер боюнча проректор

РЕКТОР
Окуу иштери боюнча проректор
Сырттан окуу боюнча проректор
Илимий иштер боюнча проректор
Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор
Окуу департаменти директору
Кесиптик кошун төрагасы
Эл аралык байланыштар жана инвестициялар боюнча департаментинин директору
ЭСЕПКАНА
Административдик чарба иштери департаментинин директору
КАДРЛАР БӨЛҮМҮ

ИЛИМИЙ ИШТЕР БОЮНЧА ПРОРЕКТОР

ИСМАНОВ Медербек Марипжанович


техника илим. кандидаты (2002)

доцент (2008)


Кыргыз Республикасынын

Инженердик академиясынын
корреспондент - мүчөсү (2014)

Исманов Медербек Марипжанович 1970-жылы 30-июнда Ош областынын Араван районуна караштуу Карл Маркс (азыркы Маңгыт) айылында туулган.

1993-жылы Кыргыз техникалык университетинин механика жана машина куруу факультетин ийгиликтүү бүтүргөн. Эмгек жолун 1993-жылы ОшТУнун «Колдонмо механика» кафедрасында инженер болуп иштөөдөн баштаган.

1994-1997 жылдары Кыргыз-Өзбек университетинде окутуучу кызматында эмгектенген.

1997-2000 жылдары «Тоо машиналары» адистиги боюнча Кыргыз-Өзбек университетинин аспиранты.

2002-жылы М.М.Исманов тарабынан жаңы таштын массивинен архитектура-курулуш буюмдарын кесип алуу технологиясы иштелип чыккан жана аны ишке ашуруучу карьердик таш тилүүчү ККМ-1 машинасы жаратылган. Бир эле ККМ-1 машинасынын карьерде иштөөсү жылына 5 млн. сомдон ашуун экономикалык үнөмдүүлүктү берген. Аталган иштердин жыйынтыгында  кандидаттык диссертация даярдалып 2002-ж. 25-июнунда Бишкек шаарында Улуттук илимдер академиясынын Машина таануу институнда ийгиликтүү корголгон.

2011-жылдын сентябрынан баштап Исманов М.М. Кыргыз-Өзбек университетинде илим боюнча проректор жана көптөгөн илимий-техникалык долбоорлорго жетекчи болуп жигерлүү эмгектенүүдө. Ал жетектеген илим-изилдөө лабораториясында көптөгөн диссертациялар даярдалууда жана ийгиликтүү корголууда, ташты кесүүчү машиналардын жаңы конструкциялары жаратылып, тоо-кен өндүрүшүнө ийгиликтүү киргизилүүдө.

Көп жылдык илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнүн натыйжасында М.М.Исмановдун 50-ашуун илимий-усулдук эмгектери жарык көргөн, көптөгөн ойлоп табуулары үчүн Кыргыз Республикасынын патенттери алынган.