УНИВЕРСИТЕТ         СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МААЛЫМАТТАР                                            

РЕКТОР

РЕКТОР
Окуу иштери боюнча проректор
Сырттан окуу боюнча проректор
Илимий иштер боюнча проректор
Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор
Окуу департаменти директору
Кесиптик кошун төрагасы
Эл аралык байланыштар жана инвестициялар боюнча департаментинин директору
ЭСЕПКАНА
Административдик чарба иштери департаментинин директору
КАДРЛАР БӨЛҮМҮ

РЕКТОР



 Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич

Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич 1968-жылы Кара-Кулжа районуна караштуу Коо-Чаты айылында туулган. 1985-жылы ушул эле айылдын «Сагындык Төрөканов» атындагы орто мектебин ийгиликтүү аяктап, Ош педагогикалык институтунун физика-математика факультетинин студенти болгон. 1986-1988-жылдары Советтик Кызыл Армиянын катарына чакырылып, Украинанын Полтава шаарында кызмат өтөгөн. 1992-жылы Ош технологиялык университетинин инженердик-педагогикалык факультетин ийгиликтүү аяктаган.

Үй-бүлөөлүү, эки уул, эки кыздын атасы. Азыркы күндө Ош шаарынын Жаңы-Пионер көчөсүндө № 7-2 батиринде жашайт.

Илимий-чыгармачылык жана эмгек жолу

Эмгек жолун 1992-жылы Ош технологиялык техникумунда окутуучу болуп иштөөдөн баштаган. 1994-жылдан тартып Кыргыз-Өзбек университетинде иштеп келет. Алгач университеттин каржы-экономика факультетинде окутуучулук кылуу менен бирге, декандын орун басары кызматын аркалаган. 2006-жылдан 2009-жылга чейин «Экономика жана укук багытындагы адистерди кайра даярдоо» факультетинин деканы болуп иштеген. 2009-жылдан 2013-жылга чейин «Ишканалар экономикасы жана башкаруу» кафедрасынын башчысы болуп эмгектенип келди. 2013-жылдын июнь айында  Ош мамлекеттик социалдык (К-ӨУ) университетинин ректорлук кызмат ордуна жалпы профессордук окутуучулар курамынын катышуусунда болуп өткөн шайлоонун негизинде жеңишке жетишип, Кыргыз Республикасынын премьер министринин жарлыгынын негизинде билим беруу жана илим министрлигинин буйругу менен ректордук кызматты аркалап келуудө.

2006-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясында «Кыргыз Республикасынын социалдык чөйрөсүнүн экономикалык көйгөйлөрү» деген аталыштагы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган. 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан «доцент» илимий даражасы ыйгарылган. Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын мүчө корреспонденти.

Бүгүнкү күндө эки аспиранттын илимий жетекчиси. Ош мамлекеттик университетинин алдындагы «Бизнес жана менеджмент» факультетинде экономика багытында иштеп жаткан атайын кандидаттык (К. 08. 10. 091.) диссертациялык кеңештин мүчөсү. Жалпы саны элүүдөн ашык илимий-усулдук эмгектердин ээси. Университеттин экономика багытындагы жогорку квалификациялуу адистерин даярдоодо жана окутуучулардын илимий чыгармачылыгын жогорулатууда чоң салымын кошуп келет.

Алган сыйлыктары

2007-жылы «Билим берүүнүн мыктысы», «Кыргыз республикасынын профсоюз кыймылынын мыктысы» төш белгилери менен сыйланган жана бир нече шаардык, облустук, ведомстволук ардак граммоталардын ээси. 2013-жылы «Ош жаңырыгы» газетасынын жарыялаган «Жылдын мыкты адамы», «Анти мафия» газетасынын тандоосу боюнча «Мыкты ректор» номинацияларынын ээ болгон.