УНИВЕРСИТЕТ         СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МААЛЫМАТТАР                                            

СОЦИАЛДЫК КОЛЛЕДЖ

Кыргыз-Өзбек университетинде студенттер күнү белгиленди

 17-Ноябрь Эл аралык студенттер күнүнө карата Кыргыз-Өзбек университетинин жыйындар залында студенттерге арналган майрамдык салтанат болуп өттү. Майрамдык кечени Кыргыз-Өзбек университетинин ректору, профессор Ч.К.Райымбаев куттуктоо сөзү менен ачып берди. Ректор өз сөзүндө студенттердин жакшы билим алып, келечекте чыгаан уул-кыздардан болуп университеттин атагын чыгарып. Кыргыз элинин керегине жараган инсандардан болуп чыккыла деген каалоосун айтты.
Окуудагы жана маданий иш чаралардагы жетишкен ийгиликтери менен мыкты деп табылган студенттер окуу жайдын ардак грамотасы менен сыйланышты. 
Эскерте кетсек Эл аралык студенттердин күнү 1946-жылы 17-ноябрда Чехиянын бобору Прагада Студенттердин дүйнөлүк конгессинде бекитилген. Албетте студенттик күн жаштыктын, шаттыктын жана романтиканын майрамы. Бирок анын тарыхы, экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Чехословакияда башталган трагедиялуу окуяга байланыштуу.



Paylaş |                                         Yorum Yaz - Arşiv   51 kez okundu

Yorumlar

Henüz yorum yapılmamış. İlk yorumu yapmak için tıklayın