УНИВЕРСИТЕТ         СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МААЛЫМАТТАР                                            

СОЦИАЛДЫК КОЛЛЕДЖ

«Күзгү серенада»

 15-ноябрь күнү Кыргыз-Өзбек университетинин  №1 жатаканасында студенттердин майрамына карата «Күзгү серенада» аталышындагы оюн-зоок  кечеси өткөрүлдү. Майрамдык программада жатаканада жашаган студенттердин арасында  конкурстук шарттарда  дасторкон жасоо, ыр-бий, тамашоулор боюнча сынактар уюштурулду. Сынактын жыйынтыгында  3-орунду 3-кабат, 2-орунду 2-кабат, 1-орунду 4-кабаттын студенттери багындырышты жана жеӊүүчүлөр  жатакананын башкы тарбиячысы Сариев Миразиз тарабынан дипломдор,баалуу белектер менен сыйланышты.

 Майрамдык кеченин аягында жаштар үчүн дискотека коюлду.




Paylaş |                                         Yorum Yaz - Arşiv   36 kez okundu

Yorumlar

Henüz yorum yapılmamış. İlk yorumu yapmak için tıklayın