УНИВЕРСИТЕТ         СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МААЛЫМАТТАР                                            

СОЦИАЛДЫК КОЛЛЕДЖ

Медициналык колледжинин кабыл алуу аземи

  15-ноябрь күнү медициналык колледжинин биринчи курстарын кабыл алуу аземи  КӨУнун чоӊ жыйындар залында болуп өттү. Салтанаттуу аземге  окуу жайдын мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сыргак Токтосунович, колледждин директору Джумаев Равшан Мамадиевич баштаган жамаат жана  жалпы биринчи курст  студенттери катышышты.  Аземдин катышуучулары  алгач  келечектеги саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин ант берүүсүнө, андан соӊ окуу жайга жаӊы гана кадам таштаган билим ээлерин студенттикке кабыл алуу жана аталган наамдын атрибуттарын ыйгаруу салтанатына күбө болушту.  

 Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжи медицина багытындагы адистиктерге   жыл сайын  миӊдеген студенттерди биринчи курска кабыл алат. Эскерте  кетсек аталган колледж алгачкы жолу 2005 – жылы училище сапатында өз ишин баштаган. 




Paylaş |                                         Yorum Yaz - Arşiv   106 kez okundu

Yorumlar

Henüz yorum yapılmamış. İlk yorumu yapmak için tıklayın