УНИВЕРСИТЕТ         СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МААЛЫМАТТАР                                            

СОЦИАЛДЫК КОЛЛЕДЖ

Жаӊы технологиялардын өндүрүлүшүндө жаштардын орду

  Бүгүн 9-ноябрь күнү Кыргыз-Өзбек университетинде «Жаӊы технологиялардын өндүрүлүшүндө жаштардын орду» аттуу аймактык I илимий – практикалык конференция болуп өттү. Конференциянын коноктору: Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгынын башчысы Жолдошов Ажимурат Кубатбекович, Ошэлектронун өкүлү Топчубаев Жыргалбек Каныбекович, КРдин Улуттук илимдер академиясынын түштүктөгү Жаратылыш байлыктары институтунун директору Арзиев Жоромамат, КРдин ИАнын мүчөсү Ташполотов Исламидин, ОшТУнун Энергетика факультетинин деканы Токоев Маматөмүр баштаган бир топ окумуштуу, илимпоздор болду. 
Илимий иш чаранын жүрүшүндө бүгүнкү күндүн талабы болгон техникалык прогресстин күн санап өнүгүшүндө жаштардын орду чоӊ экендигине, айрыкча IT технологиялык адистиктерине, дизайнер архитектор, жогорку деӊгээлдеги электр адистиктерине талап чоӊ экендигине келген меймандар токтолуп жатышты. Конференциянын официалдуу бөлүгүнөн соӊ катышуучулар 4 секцияга бөлүнүштү. Аталган илимий конференцияда жалпысынан теманын алкагында 75 доклад талкууланды.



Paylaş |                                         Yorum Yaz - Arşiv   38 kez okundu

Yorumlar

Henüz yorum yapılmamış. İlk yorumu yapmak için tıklayın