УНИВЕРСИТЕТ         СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МААЛЫМАТТАР                                            

СОЦИАЛДЫК КОЛЛЕДЖ

Тарых жана ата бабаларды эскерүү

  Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен 7-ноябрь күнү «Тарых жана ата бабаларды эскерүү күнү» бүтүндөй жергебиздин аймагында белгиленди. Бул күндүн урматына Кыргыз-Өзбек университетинин социалдык колледжинде 8-ноябрь күнү «Кыргыз эли ата-бабаларыбыздын, эгемендүү Кыргыз Республикасын түзүүгө жана бекемдөөгө жол ачкандардын жаркын элесин ыйык тутат» деген ураандын алдында сүрөт хронологиялык көргөзмөсү ачылды.
Иш чаранын уюштуруучусу экономика жана укук бөлүмүнүн экономикалык, укуктук жана коомдук сабактар бирикмесинин башчысы Шералиева Асель Ибраимовна: - Тарыхты билбей келечекке баруу мүмкүн эмес, бүгүнкү уюштурулуп жаткан көргөзмөнүн айрыкча өсүп келе жаткан жаштар үчүн таасири чоӊ экендигин баса белгиледи.
  


Paylaş |                                         Yorum Yaz - Arşiv   33 kez okundu

Yorumlar

Henüz yorum yapılmamış. İlk yorumu yapmak için tıklayın