УНИВЕРСИТЕТ         СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МААЛЫМАТТАР                                            

ХХI кылым, илим, билим, жаштар жана мыйзамдуулук

   ХХI кылым, илим, билим, жаштар жана мыйзамдуулук

  Бүгүн   2-ноябрь күнү Кыргыз-Өзбек университетинде Юридика-бажы факультетинин түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына жана 10-ноябрь КРдин «Илим» күнүнө карата «ХХI кылым, илим, билим, жаштар жана мыйзамдуулук» аталышындагы IV аймактык студенттердин илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.
  
  Конференциянын официалдуу ачылышына Улуттук илимдер академиясынан, Ош шаардык мэриясынан, «Ислам» институтунун Ош шаарындагы филиалынын ректору жана ЖОЖдордун өкүлдөрү келип катышышты. 

Студенттер тарабынан даярдалган «Жаштар, илим, билим жана мыйзамдуулук», «21-кылым; тарых, социалдык-экономикалык абал жана студенттик көз караш», «Коом, инновация, маалыматтык технология жана жаштар» деген темаларда докладтар окулуп, кызыктуу талкуулар менен коштолду.Темага ылайык 180ден ашуун доклад сунушталган.
Илимий иш чаранын негизги максаты студенттердин ынтымагын, этностор аралык достугун бекемдөө, жогорку окуу жайлар менен өз ара байланышта болуу дейт уюштуруучулар.

 



Paylaş |                                         Yorum Yaz - Arşiv   30 kez okundu

Yorumlar

Henüz yorum yapılmamış. İlk yorumu yapmak için tıklayın