УНИВЕРСИТЕТ         СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МААЛЫМАТТАР                                            

ТИЛ ТАГДЫРЫ — ЭЛ ТАГДЫРЫ

    23-сентябрь –Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнүн 28 жылдыгына карата Кыргыз-Өзбек университетинде чоң программадагы салтанат уюштурулду. Кече Кыргыз тилинин Гимни менен башталып таланттуу студенттердин аткаруусунда «Манас» эпосундагы Манастын уулу Семетейдин Сарытазга жоолугуп андан өзүнүн кыргыз экендигин билген жери сахналаштырылып көрсөтүлүп, кыргыз акындарынын ырларын көркөм окуу менен, кыргыз тилинин улуулугун даңазалаган элдик ырлар менен коштолду. Кыргыздын улуттук бийи бийленип, кеченин катышуучуларынын ар биринине жагымдуу маанай тартуулашты.
Кыргыз-Өзбек университетинин ректору, Ч.К.Райымбаев куттуктоо сөзүндө “Тил жөнүндө кам көрүп, аны эң ыйык тутуп көздүн карегиндей сактап, кылымдарды карыткан, кыргыз тилине ар дайым ар бир жаран сый мамиле кылган кадырлуу тил болуш керек.
Бүгүнкү майрам менен бардык тилди сүйгөн, улутун, элин, мекенин сүйгөн атуулдарды чын дилден куттуктаймын”-деп иш чаранын уюштуруучуларына, катышуучуларына, жалпы студенттерге ыраазычылыгын билдирди.


Paylaş |                                         Yorum Yaz - Arşiv   61 kez okundu

Yorumlar

Henüz yorum yapılmamış. İlk yorumu yapmak için tıklayın