УНИВЕРСИТЕТ         СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МААЛЫМАТТАР                                            

1-СЕНТЯБРЬ АЙТ КУНУНО ТУШ КЕЛДИ

Бүгүн 28-август күнү Кыргыз-Өзбек университетинин конференциялык залында окумуштуулар кеңешинин жыйыны болуп өттү. Жыйындын ачылышында окуу жайдын ректору Чаткалбай Кенейбаевич жалпы жамаатты алдыда келе жаткан Эгемендүүлүк күнү, Курман айт майрамдары жана жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, аларга чың ден-соолук, чыгармачылык иштерине ийгилик каалады. Күн тартибинде коюлган бир топ маселелер талкууланды жана келе жаткан 1-сентябрь Айт майрамына туура келип калгандыктан календарь боюнча дем алыш күнү экендигине карабастан, тиешелүү түзүм жетекчилеринин катышуусунда, университетибиздин босогосун жаңы аттаган студенттер үчүн Билим күнүнө арналган жарым сааттык жыйын болоору эскертилди.


Paylaş |                                         Yorum Yaz - Arşiv   34 kez okundu

Yorumlar

Henüz yorum yapılmamış. İlk yorumu yapmak için tıklayın