УНИВЕРСИТЕТ         СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МААЛЫМАТТАР                                            

МЫКТЫ МЕДАЙЫМ КАРОО-СЫНАГЫ

12-май - медайымдардын Эл аралык күнү

17-май күнү медайымдардын Эл аралык күнүнө карата уюштурулган «Мыкты медайым» кароо – сынагы Кыргыз-Өзбек университетинде жалпы медициналык колледжинин окутуучулар жамааты менен студенттеринин катышуусунда болуп өттү. Бул майрамга арналган салтанаттуу иш чарага шаарыбыздагы саламаттыкты сактоо кызматындагы көрүнүктүү инсандар да конокко чакырылды.
Кеченин официалдуу бөлүгүндө колледждин жетекчилиги тарабынан мында иштеген мыкты мугалимдерге жана алдынкы студенттерге сыйлоо баракчалары жана белектер тапшырылды. Андан соң кароо-сынактын катышуучу командаларын сахнага чакырып көрүүчүлөргө тааныштыруу менен майрамдык кеченин экинчи бөлүгү старт алды. Конкурста жалпысынан 3 команда ат салышышты.

           


Paylaş |                                         Yorum Yaz - Arşiv   99 kez okundu

Yorumlar

Henüz yorum yapılmamış. İlk yorumu yapmak için tıklayın