УНИВЕРСИТЕТ         СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МААЛЫМАТТАР                                            

ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

Кыргыз-Өзбек университетинде 18-май күнү «Эне дөөлөтү – эне тил жана Манас эпосу» аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференция кыргыз тили жана адабияты кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага Ош шаарындагы окуу жайлардан сырткары Жалал-Абад, Баткен облустарынан окумуштуу эже-агайлар келип катышышты.
Илимий-иш чараны окуу жайдын ректору Чаткалбай Кенейбаевич ачып, келген конокторго ыраазычыл билдирүү менен бирге бүгүнкү күндөгү эне тилибиздин орчундуу маселелерине кеңири токтолуп өттү.Андан соң ЖАМУнун кыргыз тили кафедрасынын доценти Замира Абдыкалыковнанын «Мамлекеттик тил мыйзамдарынын аткарылышы – учурдун талабы», КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн илимий кызматкери Сатиш кызы Орозбүбүнүн ««Манас» эпосунун Жусуп Мамай вариантындагы өзгөчөлүктөрү» аттуу баяндамалары окулуду.
Мындан сырткары 5 секциядан турган жыйын «Азыркы кыргыз тил илиминин актуалдуу маселелери», «Манас эпосу – кыргыз адабиятынын улуу уюткусу, ыйман, адеп – ахлахтуулукка, маданияттуулукка тарбиялоочу булагы», «Ааламдашуу доорунда жаштарды адептүүлүккө, ыймандуулукка тарбиялоодогу жана окутуудагы көйгөйлөр», «Жаш муундарды актуалдуулукка, эмгек жана үй-бүлөлүк турмушка даярдоонун социалдык укуктук көйгөйлөрү», «Кыргыз маданиятын өнүктүрүү жана улуттук баалуулуктарга жана мурастарга нарктуулук мамилесин калыптандыруунун ролу» аттуу темаларда улантылды.
Илимий-практикалык конференциянын негизги максаты мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана «Манас»эпосун улуттук баалуулук катары дүйнөгө жайылтуу болду.

           


Paylaş |                                         Yorum Yaz - Arşiv   70 kez okundu

Yorumlar

Henüz yorum yapılmamış. İlk yorumu yapmak için tıklayın