УНИВЕРСИТЕТ         СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МААЛЫМАТТАР                                            

Педагогикалык дебют

К-ӨУ «Педагогикалык дебютту» 3 жылдан бери багындырууда

Кыргыз-Өзбек унверситети мамлекетибиздин түштүк аймагында жайгашкан бир канча мыкты деп эсептелген ЖОЖдордун арасынан, сапаттуу педагогика адистерин даярдагандыгы аныкталып олтурат. Анткени бул багытта билим алып жаткан студенттер арасында өткөрүлүүчү республикалык деңгээлдеги «Педагогикалык дебют» сынак-фестивалынын баш байгесин акыркы 3 жылдан тарта аталган окуу жайдын жаштары багындырууда.
Тактай кетсек «Педагогикалык дебют - 2015-5» сынак-фестивалынын жеңүүчүсү 80ге жакын катышуучунун ичинен К-ӨУнун табигый-педагогика факультетинин биология адистигинин 4-курсунун студенти Дарыбек уулу Дилафар болсо, «Педагогикалык дебют – 2016-6»нын баш байгесин ушул эле окуу жайдын тарых-филология факультетинин студенти Шамырзаев Илгиз алган, «Педагогикалык дебют – 2017» сынак-фестивалын кайрадан К-ӨУнун кыргыз тили жана адабияты адистигинин 4-курсунун студенти Абылкасы кызы Барчынай багындырып олтурат. 
Сынактын шарты боюнча ар бир катышуучу шаардагы мектептерде ачык сабактарды өтүү, өз интеллектуалдык деңгээлдерин көрсөтүү менен 3-баскычка балл топтошот. Сынакка жыл сайын ОГПИ, ОшМУ, К-ӨУ, ЖАМУ жана Улуттук Университетинин чыгаан студенттери катышышат.
Учурдан пайдаланып К-ӨУнун педагогика адистерин даярдоочу жалпы мугалимдерине университеттин ректору Ч.К.Райымбаевдин жана жалпы администрациянын атынан терең ыраазычылык билдиребиз. Ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү эмгектериңиздерге чыгармачылык ийгилик каалайбыз.Сиздер тарбиялап жаткан жаштардын жетишкендиктери, сиздердин кылган мээнетиңиздердин акыбети демекчибиз.

     

Paylaş |                                         Yorum Yaz - Arşiv   89 kez okundu

Yorumlar

Henüz yorum yapılmamış. İlk yorumu yapmak için tıklayın