УНИВЕРСИТЕТ         СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МААЛЫМАТТАР                                            

Тарыхчылар менен жолугушуу

  Бүгүн  10-май күнү Кыргыз-Өзбек университетинде "Азаттык" үналгысынын мурдагы кызматкери, журналист, саясат, маданият, этнология жана тарых тармактары боюнча адис, тарых илимдеринин доктору, профессорТынчтыкбек Чоротегин агай менен белгилүү тарыхчы, журналист, публицист Кыяс Молдокасымов  конокто болду. Тарыхчыларды  окуу жайдын ректору Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич  официалдуу түрдө кабыл алды. Андан соң коноктор универститеттин  окумуштуу мугалимдери жана ушул адистикте окуган студенттери менен жолгушуп, Кыргызстандын тарыхы,бүгүнкү көйгөйлүү маселелер жана келечек туурасында кеңири талкуулашты. Жыйындын жүрүшүндө Тынчтыкбек Чоротегин тарыхка кызыгып, аны билүү келечекте мекен үчүн чоң ийгиликтерди жаратууга, чыныгы патриот болууга, жалпы интеллектини жогорулатууга өбөлгө түзөрүн. жалпы студенттер адистикте билим алып эле тим болбостон, аны заманбап жашоого айкалыштырып колдоно билүүлөрүн баса белгиледи.

 Ошондой эле К-ӨУнун жогорку курстарынын студенттери тарабынан, тарыхты мектеп программасында окутуу тууралуу сунуштар түшүп, тарыхтын алптары тарабынан колдоо тапты.Жыйындын аягында пайдалуу жолугушууну уюштурган проректорубуз Сарыков Сыргак Токтосуновичке эки тарап тең терең ыраазычылыктарын билдиришти.

        


Paylaş |                                         Yorum Yaz - Arşiv   85 kez okundu

Yorumlar

Henüz yorum yapılmamış. İlk yorumu yapmak için tıklayın