УНИВЕРСИТЕТ         СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МААЛЫМАТТАР                                            

ЖАКка 25 жыл

  2-май күнү КРдин Жогорку аттестациялык комиссиясынын түзүлгөнүнүн 25-жылдыгына карата ЖАКтын төрагасы,т и д ,профессор,КРУИА мүчө корреспонденти Абрахман  Мавлянов Кыргыз-өзбек университетинин окумуштуулар жамааты менен жолугушту. Жолугушуу окуу жайыбыздын ректору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевичтин демилгеси менен уюштурулуп, анда  илим жаатындагы бир топ көйгөйлүү маселелер туурасында кеп козголду. Абрахман Субанкуловичтин айтымында акыркы чейрек кылым арасында өлкөбүздө илим жаатындагы өсүп өнүгүү  бир топ адыга жылганы менен дале болсо КМШ өлкөлөрүнө салыштырмалуу төмөнкү пайыздык көрсөткүчтү түзөт. Анткени жаш илимпоздорго стимул берип аларды колдоо жагы биздин мамлекетте жакшы жолго коюла элек. Ошол кыйынчылыктарга карабастан Кыргыз-өзбек университетинде илим жаатындагы өсүш токтоп калбастан, тескерисинче күн санап күч алууда. Бул окуу жай менен биргеликте Кыргызстанда Америка, Славян, Кыргыз-Түрк, , Эл аралык университеттери ачылган жана бүгүнкү күндө аталган окуу жайлар менен тең тайлашып Кыргыз-өзбек университети да мамлекетибиздин келечеги үчүн билимдүү жаштарды тарбиялоодо. Ошондой эле коногубуз  билим алууда эч качан чек жана чек ара болбошу керектигин баса белгилеп кетти.

  Эске салсак Кыргыз-өзбек университети Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн чечими менен 1994-жылы түптөлгөн. Азыркы учурда окуу жайда 10 000дин тегерегинде студент билим алат жана 450дөн ашуун мугалим эмгектенет. Аталган жамаатты 2013-жылдан тарта  экономика илимдеринин кандидаты, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич жетектеп келет.  

       

       



Paylaş |                                         Yorum Yaz - Arşiv   80 kez okundu

Yorumlar

Henüz yorum yapılmamış. İlk yorumu yapmak için tıklayın