УНИВЕРСИТЕТ         СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МААЛЫМАТТАР                                            

IX НАЗАРОВДУК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

22-апрель күнү Кыргыз-Өзбек университетинде белгилүү окумуштуу-профессор М.Назаровдун жаркын элесине арналган «IX Назаровдук окуулар» аймактык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга КРдин билим берүү жана илим министрлигинен Түмөнбаев Ж.Ш, С.П.Панков баштаган бир топ окумуштуулар катышып, жалпы билим берүүчү жана кесиптик мектептерде компетенттүүлүк мамилени жүзөөгө ашыруунун актуалдуу көйгөйлөрү талкууланды.
Кошумчалай кетсек белгилүү профессор Назаров Мадамин Назарович Ош областынын Арван районунун кулуну болгон. Ал өзүнүн бүтүндөй өмүрүн Эл агартууга арнаган.1961-2004-жылдар аралыгында республикабыз үчүн миңдеген математика мугалимдерин даярдоого жана квалификациясын өркүндөтүүгө активдүү катышкан. Үзүрлүү эмгек жолунда «педагогика илимдеринин кандидаты», «профессор» наамын алган. Анын жараткан илимий эмгектери жана математиканы окутуунун методдору азыркы убакка чейин жаштарга билим берүүдө кеңири колдонулуп келет.
          


Paylaş |                                         Yorum Yaz - Arşiv   99 kez okundu

Yorumlar

Henüz yorum yapılmamış. İlk yorumu yapmak için tıklayın