УНИВЕРСИТЕТ         СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МААЛЫМАТТАР                                            

ЖАЗ ЖАҢЫРЫГЫ

18-апрель күнү Кыргыз-Өзбек университетинде Инженердик-технологиялык факультети тарабынан даярдалган «Жаз жаңырыгы» аттуу мода жаратмандарынын сынагы болуп өттү.
Сынакка катышкан конкурсанттардын көпчүлүгү аталган түзүмдүн колдонмо механика жана көркөм долбоорлоонун технологиясы кафедрасынын студенттери болду. Бул ирет калыстык кылуу үчүн көркөм таануучу, профессор Кадырова Тамара айым жетектеген Ош шаарынын белгилүү модельер конструкторлору жана кутюрьелери, сүрөтчүлөрү келишти.
Сынакта «Авангард », «Стиль большого города», «Новый взгляд», «Этно стиль» коллекцияларынын алдында даярдалган катышуучулардын эмгектери көрүүчүлөргө тартууланып жалпысынан жүзгө жакын саркеч кийимдер сынга коюлду.Даярдалган ар бир киймдин артында бир топ эмгек, жогорку билим, түстөрдүн айкашы, жаңыча көз караш, изденүү байкалып турганын калыстар тобу баса белгилеп кетишти.
Сынактын аягында «Мурас» коллекциясы көрүүчүлөрдүн сыймыгына ээ болсо, Эльмира Божоева «Мыкты монекенщица» наамын жеңип алды. Ал эми 3-орунду «ОXFORD», 2-орунду «Таңкы шүүдүрүм», 1-орунду «Этно прогулка» аталышындагы коллекциялар багындырып окуу жайдын дипломдору жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды. «КЫРЧЫН» коллекциясынын ээси Махаматмуса кызы Гүлзадага баш байге ыйгарылды.
Иш чаранын уюштуруучусу техника илимдеринин кандидаты Ильяз Исаевдин айтымында сынактын негизги максаты окуу процессиндеги теориялык билимди практикалык иш менен коргозуу болду
      


Paylaş |                                         Yorum Yaz - Arşiv   131 kez okundu

Yorumlar

Henüz yorum yapılmamış. İlk yorumu yapmak için tıklayın