УНИВЕРСИТЕТ         СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МААЛЫМАТТАР                                            

КЫЗ ЖИГИТТЕН САРМЕРДЕН

 Кыргыз-Озбек университетинин тарых-филология факультетине аймактардын эң бир таланттуу жаштары агылып келип окушат. Ар жылы келген биринчи курстун студенттери биздин окуу жайды өз өнөрлөрү менен таң калтырып келишет. Ошол эле салтты улай бүгүн да аталган факультеттин кыргыз филологиясы кафедрасынын студенттери тарабынан «Кыз жигиттен сармерден» оюну өткөрүлүп олтурат. Оюндун башталышында кыздар өзүнчө бир курама болуп кыргыздын тамак-аштарын колдоруна көтөрүшүп, келген конокторго даам ооз тийгизип баштаса, жигиттер өзгөчө улуттук кийимдери менен элдик ырлардан обон созушуп келишти.

 Эки жаат болуп мандай-тескей олтурушуп улутубуздун каадасы болгон кыз-жигиттин айтышынан баштап, обондуу ыр, бий, макал-лакап, жаңылмач, табышмак айтышып көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрүштү. Ал тургай ортодо өздөрүнүн милдетин аткарып, калыстык кылып жаткан агай-эжейлерди да кошо ырдатышып оюн-зоок аябагандай кызыгууну жаратты.

 Окуу жайыбызда байма-бай өткөрүлгөн мындай иш-чаралардын башкы максаты президентибиз тарабынан жарыяланган быйылкы «Адеп,ыйман жана маданият» жылынын алкагында уюштурулуп, жаштардын руханий жан дүйнөсүн байытуу болуп саналат.



Paylaş |                                         Yorum Yaz - Arşiv   129 kez okundu

Yorumlar

Henüz yorum yapılmamış. İlk yorumu yapmak için tıklayın