УНИВЕРСИТЕТ         СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МААЛЫМАТТАР                                            

ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ

   Кыргыз Республикасынын 2017-жыл “Ыйман, адеп жана маданият” жылына жана 7-апрель Элдик революция күнүнө карата юридика-бажы факультети тарабынан “Азыркы коомдо жаштардын адептүүлүгүнүн, ыймандуулугунун, укуктук маданиятынын калыптанышы” аталышында 3-аймактык студенттердин илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Конференциянын жүрүшүндө ар кандай багытта баяндамалар окулуп, талкууланды.  Факультеттин деканы Алмагул Муктарбековнанын айтуусунда аталган конференцияга студенттер тарабынан 180ге жакын доклад сунушталган. Мындан улам уюштуруучулар тарабынан тандалып алынган теманы бүгүнкү күндүн эң актуалдуу маселелеринен экенин белгилей кетсек болот.
   Иш чарага тиешелүү органдардан бир топ кишилер келишти. Ош шаардык жаштар комитетинин жетекчиси Мелис Обозов « Сиздердин уюштуруп жаткан демилгеңер мени абдан кубантты, айрыкча азыркы диний экстремизмдин курчуп бара жаткан мезгилинде жаштарды туура багытка үгүттөө, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү негизги маселе деп ойлойм. Дагы бир кошумчалоочу нерсе жаштардын укугу тууралуу сөз болгондо сөзсүз алардын милдети да кошо каралыш керек. Анткени кийинки мезгилдерде укуктарын аябагандай укмуш өздөштүрүшүп, ошол эле учурда коомдун, мамлекеттин алдындагы милдеттери тууралуу унутуп койгон инсандарыбыздын саны артууда» деген оюн кошумчалады.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 



Paylaş |                                         Yorum Yaz - Arşiv   138 kez okundu

Yorumlar

Henüz yorum yapılmamış. İlk yorumu yapmak için tıklayın