УНИВЕРСИТЕТ         СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МААЛЫМАТТАР                                            

КАЙРЫМДУУЛУК АКЦИЯСЫ

Кыргыз-Өзбек университетинин студенттеринин демилгеси менен кезектеги кайрымдуулук акциясы 29-март күнү уюштурулду. Мамлекетибизде жарыяланган « Ыйман, адеп жана маданият» жылынын алкагында уюштурулган иш чарада окуу жайдын активисттери жалпы студенттерди жардамга муктаж болгон адамдарга кол сунуу - адеп – ахлактын, ыймандын башаты болуп эсептелерин айгинелеген ураан, чакырыктар жазылган плакаттар менен үндөп жүрүштү. Аталган акцияга университеттин жалпы эмгек жамааты жана студенттери кайдыгер карабастан , болгон жардамдарын акчалай берип жатышты. Були ш чара 31-март күнү дагы уланып, жыйылган акча шаардагы жетим балдар жана карыялар үйүндөгүлөрдүн муктаждыктарына берилмекчи. 
Эскерте кетсек мындай акция өткөн жылдын декабрь айында да «Биз биргебиз» деген ат менен уюштурулуп, Кыргыз-Өзбек университетинин жетекчилиги тарабынан да кошумчаланып муктаж үй-бүлөлөргө акчалай жардам берилген.

      



Paylaş |                                         Yorum Yaz - Arşiv   100 kez okundu

Yorumlar

Henüz yorum yapılmamış. İlk yorumu yapmak için tıklayın