УНИВЕРСИТЕТ         СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МААЛЫМАТТАР                                            

К-ӨУ Нооруз майрамын белгиледи

    Мындан бир канча күн алдын өндүрүлгөн буудайлар тартылып, чоң казандар асылып, от жагылып, боорсок-токоч бышырылып, сүмөлөк кайнатылып, эртеңки боло турган Нооруз майрамын быйылкы жылы Кыргыз-Өзбек  университети өзгөчө шаң менен тосту. 20-март күнү Ош шаардык мэриясы тарабынан атайын бөлүнүп берилген Кыргыз – Ата түрк эс алуу паркына аталган окуу жайдын медициналык колледжинин жамааты кыргыз үйлөрдү тигип,дасторкон жайып,улуттук тамак-аштын түрлөрүн жайышты.           Элдик каада-салтка ылайык «Ыйман, адеп жана маданият» жылын чагылдырган кыргыздын салттык оюн-зооктору уюштурулуп, маданий жана спорттук программалар коюлду. Буга кошумчалай тушоо кесүү тою болуп, анда  улуу кичүү дебей  маарага биринчи болуп келүү үчүн жарышышты.

  Майрамдын официалдуу бөлүгү университеттин ректору,профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевичтин куттуктоо сөзү менен ачылды. Ал өз сөзүндө: «21-март  күн менен түндүн теңелген күнү. Эзелтеден ата-бабабыз бул мезгилди жер жарылып чөп чыккан, желин айрылып сүт чыккан жаңы жашоонун башталышы катары санашып,  түшүмдүн мол, жылдын берекелүү,бейпил болушун Теңирден сурап, сүмөлөк кайнатып тилек айтып келишкен. Биз дагы бүгүн бабалардын салтын улай мына мынтип, башыбызды бириктирип, чоң тилектерди тилеп олтурабыз. Учурдан пайдаланып жалпы кыргыз элин, анын ичинде Кыргыз-өзбек университетинин жамаатын кирип келген Нооруз майрамы менен куттуктайм. Ушул жыл  мекенибизге, окуу жайыбызга жана ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөргө токчулукту, кут-берекени, ийгиликтерди алып келсин.»- деди. Мындан сырткары  Ош облустук админстрациясынын, Ош шаардык мэриясынын,  ошондой эле «Салбурун» федерациясынын жыйрмага жакын өкүлдөрү конокко келишип, майрамдык салтанатка күбө болушту.

 Андан соң мукамдуу ырлар жаңырып, бийлер бийленип нооруз шаңы сейил бакты көрккө бөлөдү.  Майрамдык программа түн жарымга чейин уланып, кадыр түн тосулду.




Paylaş |                                         Yorum Yaz - Arşiv   199 kez okundu

Yorumlar

Henüz yorum yapılmamış. İlk yorumu yapmak için tıklayın