УНИВЕРСИТЕТ         СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МААЛЫМАТТАР                                            

ОшМСУ ПЕРИСИ 2017

  Жаздын келиши менен Кыргыз-Өзбек университетинин студенттеринин арасындагы кароо-сынактардын байма-бай жүрө баштагандыгы байкалууда. Жакында эле болуп өткөн «ОшМСУ мырзасы» сынагын улай эле бүгүн да 16-март күнү шаарыбыздагы Рысбай Абдыкадыров атындагы филормонияда университетибиздин кыздарынын арасында «ОшМСУ периси» аныкталып олтурат. «Сынакка атайын жобо иштелип чыгып, бир ай бою сымбаттуу кыздар арасында чоӊ тандоо болду.Тилекке каршы ар бир структуралык түзүмдөн бирден гана студент катышууга мүмкүнчүлүк алды,анткени конкурска катышууну каалаган сулуу кыздарыбыз аябай көп эле» деп билдирди иш чаранын уюштуруучусу, жаштар комитетинин торогасы Элдияр Жаныбеков. 
Сулуулук наамын алуу үчүн конкурсанттар өз өнөрлөрүн, интеллектуалдык деӊгээлдерин, чыгармачылык өзгөчөлүктөрүн көрсөтүшүп, ажарларын ачуучу кечки көйнөктөр менен жасалгаланып чыгышты. Айпери Кулбаева, Айгерим Расул кызы, белгилүү теле ишкер Алтынай Эшбаева баш болгон калыстар тобунун чечими менен «ОшМСУнун периси» деп табигый-педагогика факультетинин 1-курсунун студенткасы Абыжалиева Акдана табылды. Жеӊүүчүгө окуу жайдын профсоюз комитети тарабынан Ысык-Көлгө 10 күндүк жайкы эс алууга путевка жана акчалай сыйлык берилди.




Paylaş |                                         Yorum Yaz - Arşiv   406 kez okundu

Yorumlar

Henüz yorum yapılmamış. İlk yorumu yapmak için tıklayın