УНИВЕРСИТЕТ         СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МААЛЫМАТТАР                                            

КЫРГЫЗ ТИЛИНИН 3 АЙЛЫГЫ

 

                               Кыргыз тилинин 3 айлыгынын 

                                                Жобосу:

 

         Кыргыз тилинин 3 айлыгынын максаты:

 

- Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана аны коомдо, пикир алышууда, жазууда, иш кагаздарын толтурууда, маданий иш чараларды өткөрүүдө кеңири колдонуу;

- Студенттердин кыргыз тилине, Ата-Мекенге болгон   

  мекенчил сезимдерин күчөтүү;

- Университетте окуган башка улуттун студенттеринин кыргыз тилине болгон кызыгуусун арттыруу;

- Студенттерди тил  баалуулуктарын даңазалоого үндөө;

- Студенттер арасында ынтымактык, достук жана өз ара

  биримдик мамилелерин чыңдоо;

- Студенттерди чыгармачыл топторго бириктирүү.

 

              Кыргыз тилинин 3 айлыгынын  катышуучулары:

 

Кыргыз тилинин 3 айлыгында өткөрүлүүчү иш чараларга университеттин структуралык түзүмдөрү, мугалимдер жамааты жана ар бир студент катышат.

      

            Кыргыз тилинин 3 айлыгынын жүрүү шарттары:

     

  1. Университеттин ар бир структуралык түзүмдө Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлүүсү шарт.
  2. Ар бир структуралык түзүм өзүнө тиешелүү окуу жай кеңселеринде кыргыз тилин даңазалаган ураан чакырыктарды, дубал гезиттерди сабаттуу чыгарып илүүсү керек (22-сентябрга чейин). 
  3. Өткөрүлүүчү иш-чараларды ар бир түзүмдүн кыргыз тили жана адабияты мугалимдери көзөмөлгө алуусу талапка ылайык.
  4. Кыргыз тилинин 3 айлыгынын ичинде интернет баракчалары аркылуу конкурстар өткөрүлөт.

а) КӨУнун  интернеттеги социалдык баракчалары (өздүк сайты, фейсбук, одноклассники)  аркылуу «Кыргыз тили жөнүндө жазылган эң мыкты ыр» конкурсу  жарыяланат.  Студенттер тарабынан жазылган ырлар, интернет баракчаларга жайгаштырылышы шарт (ар бир айдын аягында жеңүүчүлөрдү аныктайбыз).

б) КӨУнун интернет баракчалары(өздүк сайт, фейсбук,одноклассники) аркылуу «Сен кыргыз тилинин өнүгүшүнө кандай салым кошо аласың?» рубрикасына дил баян конкурсу жарыяланат. Жазылган дил баян окуу жайдын интернет баракчаларына жайгаштырылышы шарт.

  1. Мамлекеттик тилдеги иш кагаздарын туура жазуу жана жат жазуу боюнча кыдыруулар уюштурулат. Мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөлөрү белгиленген убакыт  ичинде ар бир тайпага кирип, ар бир студенттен кыргыз тилинде жат жазуу жана иш кагаздарынын бирин жаздыра алат:

 

-Тарых - филология факультети 26.09.2016 - 30.09.2016;

-Каржы - экономика факультети 03.10.2016 – 07.10.2016;

-Юридика - бажы факультети      10.10.2016 – 14.10.2016;

-Табийгый- педагогика факультети 17.10.2016 – 21.10.2016;

-Инженердик–технологиялар факультети 24.10.2016 – 28.10.2016;

 -Медициналык колледжи 31.10.2016 -11.11.2016;

 -Социалдык колледжи  14.11.2016 – 25.11.2016;

 -Кесиптик лицей 28.11.2016 – 02.12.2016;

 -Ала – Бука бөлүмү 05.12.2016 -09.12.2016.

 

6. «Ырдайлы кыргыз ырларын» аттуу ыр майрамы ар бир түзүмдө жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлүүсү шарт (ыр майрам 28-октябрга чейин өткөрүлсүн).

                       

        Кыргыз тилинин 3 айлыгында  өткөрүлгөн конкурстарды баалоо:

 

-Калыстардын курамы уюштуруу тобу тарабынан сунушталып түзүлөт.

- Кыргыз тили жөнүндө жазылган эң мыкты ырлар акындар тарабынан тандалып алынып, кайрадан интернет баракчаларыбыз аркылуу жалпы добушка коюлат.

- Мамлекеттик тилде жазылган иш кагаздарын, жат жазууларды так, туура жазган эң алдынкы факультет мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан аныкталат.

- «Ырдайлы кыргыз ырларын» аттуу майрамдык кече жогорку деңгээлде уюштурулгандыгына, аткаруучулардын кийген улуттук кийимине, колдонулган  улуттук  аспаптарына карап бааланат.

 

   Түзүмдөрдүн (декандар, директорлор) жетекчилери милдеттүү:

 

- Кыргыз тилинин 3 айлыгы тууралуу кафедра (бирикме) башчыларына, тайпа кураторлоруна жана студенттерге маалымат берүүгө;

- Белгиленген конкурстун шарттары менен студенттерди тааныштырууга;

- Катышуучуларга  ар тараптуу колдоо көрсөтүп, көмөктөшүүгө;

- Катышуучулар  тууралуу уюштуруу тобуна билдирүүгө;

- Университеттин ар бир структуралык түзүмүндө кыргыз тилинин 3 айлыгында  көрсөтүлгөн иш-чараларды өткөрүүгө милдеттүү;

- Ар бир түзүм өзүнө тиешелүү окуу жай кеңселеринде кыргыз тилин даңазалаган ураан чакырыктарды, дубал гезиттерди чыгарып илүүгө милдеттүү;

- Университеттин ар бир түзүмүндө өткөрүлүүчү иш-чараларды  кыргыз тили жана адабияты мугалимдери көзөмөлгө алууга милдеттүү.

 

Кыргыз тилинин 3 айлыгынын жүрүшүндө өткөрүлүүчү конкурстардын        жеңүүчүлөрүн сыйлоо:

 

        Конкурстун жеңүүчүлөрү КӨУнун  сыйлоо баракчалары жана уюштуруу тобунун белектери менен сыйланышат.

 

Кыргыз тилинин 3 айлыгынын  өткөрүлүү убактысы:

 

         Кыргыз тилинин 3 айлыгы боюнча иш чаралар 2016-жылдын 19-сентябрынан 16- декабрына чейинки убакыт ичинде алып барылат.  Уюштуруу тобу тарабынан кошумча маалыматтар  интернет баракчалары жана 4040 кыска смс билдирүү аркылуу берилет.

 

       Иш чаранын жүрүшү боюнча суроолор болсо,   0702 85 50 21 ватсап номери аркылуу кайрылсаңыздар болот.

 

Аткаруучу: мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү

Таникулова Барчынай Кадырбековна.    



Paylaş |                                         Yorum Yaz - Arşiv   282 kez okundu

Yorumlar

Henüz yorum yapılmamış. İlk yorumu yapmak için tıklayın