УНИВЕРСИТЕТ         СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МААЛЫМАТТАР                                            

СОЦИАЛДЫК КОЛЛЕДЖ

Ички мобилдүүлүктү өнүктүрүү максатында

Кыргыз-Өзбек университетинин эл аралык ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана Кыргызстандагы ЖОЖдор менен университетибиздин ортосундагы ички мобилдүүлүктү күчөтүү максатында, Кыргыз-Өзбек университетинин эл аралык байланыштар жана инвестициялар департаменти бир канча иш-чараларды алып барып жатат. Ошол иштердин натыйжасы катары бүгүн, 12-апрель күнү Бишкек шаарындагы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университет, ошондой эле И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттери менен Кыргыз-Өзбек университетинин студенттери жана мугалимдеринин ортосунда академиялык алмашуу жана ички мобилдүүлүк боюнча кызматташтык келишимдери түзүлдү.






Paylaş |                                         Yorum Yaz - Arşiv   
291 kez okundu

Yorumlar

Henüz yorum yapılmamış. İlk yorumu yapmak için tıklayın