УНИВЕРСИТЕТ         СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МААЛЫМАТТАР                                            

СОЦИАЛДЫК КОЛЛЕДЖ

7-апрель элдик революция күнү

Акыркы 7 жылдан бери эгемендүү мамлекетибизде 7-апрелди «Элдик революция күнү» катары майрамдоо салтка айланууда. Салтанаттуу  майрамдын урматына Кыргыз-Өзбек университетинин юридика-бажы факультети да "7-арель - элдик революция, студенттик көз караш" аттуу дебат уюштурду. Аталган дебатка окуу жайдын белгилүү профессор окумуштуулары, факультеттин деканы баштаган жамаат, шаарыбыздагы тарых талдоочулар менен активист студенттер катышышты.

 Иш чаранын башталышында 2010-жылдын 7-апрелинде болуп өткөн каргашалуу күндөгү шейит кеткендерди эскерүүдөн соң, тарыхый окуянын себептери жана максаттары туурасында баяндамалар жасалды.

Андан соң студенттер эки жаатта өз ойлорун ортого салышып, кызуу талкуулар болуп өттү.

 Эскерте кетсек 2010-жылдын 7-апрелинде миңдеген кишилер, ошол мезгилдин президенти Бакиев Курманбек Салиевичтин режимине каршы көтөрүлүшкө чыгышып, бул революцияны жүзөгө ашырууда 90 адам курман болушкан.






Paylaş |                                         Yorum Yaz - Arşiv   
228 kez okundu

Yorumlar

Henüz yorum yapılmamış. İlk yorumu yapmak için tıklayın