УНИВЕРСИТЕТ         СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МААЛЫМАТТАР                                            

СОЦИАЛДЫК КОЛЛЕДЖ

Кербен – Айтматовдун каармандары бизде мейманда!

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейине карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маданият маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы киноматография департаменти тарабынан уюштурулган  Кербен, анын ичинде жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалардагы баш каармандар, 3-апрель күнү Кыргыз-Өзбек университетинин студенттери менен жолугушту.

  Аталган кербенди окуу жайдын ректору Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич баш болгон жетекчилик жылуу маанайда тосуп алышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Айтматов ааламы туурасында бир топ сөздөр козголуп, каармандардын ойногон рольдору, жашоо турмушу туурасында берилген суроолорго кенен жооптор алынды.

Кеченин аягында конокторду окуу жайдын жамааты белектер менен сыйлап, эки тарап бири-бирине өз ыраазычылыктарын билдиришти.






Paylaş |                                         Yorum Yaz - Arşiv   
291 kez okundu

Yorumlar

Henüz yorum yapılmamış. İlk yorumu yapmak için tıklayın