УНИВЕРСИТЕТ         СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МААЛЫМАТТАР                                            

СОЦИАЛДЫК КОЛЛЕДЖ

Тамашоунун жарым финалы

 Кыргыз-Өзбек университетинин структуралык түзүмдөр аралык «Тамашоу» таймашынын кезектеги жарым финалы бүгүн 28-февраль күнү болуп өттү. Күлкү таймашында жалпысынан 6 команда, 3 конкурстук баскычта ат салышты.

 Оюндун жүрүшү калыстар тобун бир топ түйшүккө салды көрүнөт, айтор сынактарды баалоо көпкө созулуп жатты. «Биздин өз ара талашып – тартышып жатканыбыздын жөнү бар, конкурс болгон соң албетте бири жеңип, экинчиси калыш керек.Бүгүнкү оюнда командалардын мыкты даярдангандыгы, биринин таланты экинчисинен кем калышпагандыгы тандоо учурунда ойлонууга, тартышууга алып келди. Бул көрүнүш менен биз сыймыктансак болот,»- деди калыстар тобунун төрагасы.

 Жыйынтыгында калыстардын чечими менен табигый-педагогикалык факультетинин курамынан түзүлгөн «Ха-ха-бойс» командасы оюндан четтетилип, 3-байгелүү орунду каржы-экономика факультетинин «Брокерлер» командасы, 2-орунду социалдык колледждин «Соц. курама» командасы, 1-орунду тарых-филология факультетинин «Күлүп кой» командасы жеңип, сертификат жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.

 







Paylaş |                                         Yorum Yaz - Arşiv   
219 kez okundu

Yorumlar

Henüz yorum yapılmamış. İlk yorumu yapmak için tıklayın