УНИВЕРСИТЕТ         СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МААЛЫМАТТАР                                            

СОЦИАЛДЫК КОЛЛЕДЖ

“КӨУ мырзасы -2018” аныкталды


23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата КӨУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштери боюнча проректору жана жаштар комитети тарабынан уюштурулган “КӨУ мырзасы -2018” кароо-сынагы Оштогу Р.Абдыкадыров атындагы филармониясында болуп өттү.

Кароо-сынактын жобосуна ылайык университеттин факультет, колледждеринен мыкты деп табылган 7 мырза ат салышты. 
Жыйынтыгында юридика-бажы факультетинин атынан чыккан Шарабидин Уулу Шерболот “КӨУ мырзасы -2018” номинациясын, баш байгени жеңип алды. Ал эми тарых-филология факультетинин 4-курсунун студенти Бегалы уулу Рустам “КӨУнун интеллектуал мырзасы-2018”, социалдык колледжден чыккан Кочкунов Абдималик “КӨУнун таланттуу мырзасы-2018”, инженердик-технологиялык факультетинин студентти Советбек уулу Темирлан “КӨУнун идеалдуу мырзасы-2018” номинацияларына ээ болушту. Калган катышуучулар кызыктуруучу диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Андан сырткары социалдык тармактардагы тандоонун негизинде Бегалы уулу Рустам “Facebook мырзасы-2018», Советбек уулу Темирлан “Instagram мырзасы-2018», Шарабидин Уулу Шерболот “OK.RU мырзасы-2018» деп табылышты. 



“Бул кароо-сынакты өткөрүүнүн максаты студенттерге жагымдуу маанай тартуулоо менен аларга Кыргыз элинин маданиятын, таалим, тарбиясын көкүрөгүнө сиңирип, сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу болуп саналат” дейт уюштуруучулар. 
Белгилей кетсек сынакка демөөрчүлүк кылып Ош шаарынын жаштар комитети жеңүүчүлөргө уюлдук телефондорду белек кылды. Ошондой эле “Namba Taxi» тарабынан атайын талондор тапшырылды



Paylaş |                                         Yorum Yaz - Arşiv   214 kez okundu

Yorumlar

Henüz yorum yapılmamış. İlk yorumu yapmak için tıklayın