УНИВЕРСИТЕТ         СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МААЛЫМАТТАР                                            

СОЦИАЛДЫК КОЛЛЕДЖ

ОКУУ - ИЛИМИЙ СЕССИЯ

ОКУУ - ИЛИМИЙ СЕССИЯ
Кыргыз-Өзбек университетинин окуу-усулдук жана илимий-изилдөө ишмердүүлүктөрүнүн окуу-илимий сессиясы бүгүн 22- январь күнү №2 окуу имаратынын чоң жыйындар залында, жалпы окумуштуулар кеңеши баш болгон жамааттын катышуусунда башталды.
Иш чараны сырттан окутуу боюнча проректор Т.Исаков алып барды жана ачылыш сөз ректор Чаткалбай Кенейбаевичке берилди.Ал өз сөзүндө: - Окуу жайыбызда өткөн жылдан баштап уюштурулуп жаткан окуу-илимий сессия билим берүүнүн сапатын жогорулатууга , профессордук-окутуучулар жамаатын моралдык жана материалдык жактан стимулдаштыруу, ошондой эле түзүмдөрдүн рейтингин аныктоо максатында өткөрүлүп келет. " Ушул учурдан пайдаланып биз өткөнгө саресеп салып баа берип, келечекке чоң максаттарды коюп, алга карай өсө баштайбыз, анткени бүгүнкү ааламдашуу доорунда бир орунда турууга мүмкүн эмес"  – деп катышуучулардын баарына ийгилик каалады. 
  Андан соң күн тартибинде каралгандай табийгый-педагогикалык жана юридика-бажы факультеттери өз баяндамаларын жасашты.
Сессия негизинен толук бир жумага созулмакчы жана университеттеги бардык структуралык түзүмдөрдүн 2017-жылдагы ийгиликтери, чыгармачылык жетишкендиктери жана келечектеги өнүгүү перстективалары туураалуу кеңири баяндамалар жана талкуулар, сунуштар каралмакчы.


Paylaş |                                         Yorum Yaz - Arşiv   
184 kez okundu

Yorumlar

Henüz yorum yapılmamış. İlk yorumu yapmak için tıklayın