УНИВЕРСИТЕТ         СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МААЛЫМАТТАР                                            

СОЦИАЛДЫК КОЛЛЕДЖ

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында

 Кыргыз-Өзбек университетинин инженердик-технологиялык факультети мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында  улуу жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча парламенттик дебат өткөрдү.  Дебатка жалпысынан 6 команда катышышты. «Өкмөт» жана «Парламенттик» эки тарап болуп  жаатташып, атайын белгиленген теманын үстүндө өз пикирлерин ортого салышты,аягында сот тарабынан чечим чыгарылып, жеӊген командалар такталды.

 Факультеттин деканы Гүлзат Кочкорбаевнанын айтымында:  - Бүгүнкү уюштурулган дебатка катыщкан студенттерибиз Айтматовдун дээрлик бардык чыгармаларын окуп чыгышты жана ушул таймаш аркылуу өз ойлорун ачык, так айтууга үйрөнүшүп, бир гана окуп жаткан кесиби менен чектелип калышпастан студенттер руханий дүйнөсүнө да бир топ байлык кошо алышты. Албетте мындай иш чаралар ааламдашып бара жаткан жаштарыбыздын кыргыз тилинде сөз байлыгын кеӊейтип, ошондой эле мамлекеттик тилибиздин мындан ары өсүп –өнүгүшүнө зор салымын кошо алмакчы.




Paylaş |                                         Yorum Yaz - Arşiv   132 kez okundu

Yorumlar

Henüz yorum yapılmamış. İlk yorumu yapmak için tıklayın