УНИВЕРСИТЕТ         СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МААЛЫМАТТАР                                            

СОЦИАЛДЫК КОЛЛЕДЖ

Бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусу

  Бүгүн 13-декабрь Тарых-филология факультетинин кыргыз филология кафедрасынын бүтүрүүчүлөрү менен аталган адистикте билим алып жаткан студенттердин жолугушуусу болду. Жолугушууга мындан 12 жыл мурун жогорку билимге ээ болуп, учурда сүйүктүү кесибинин үзүрүн көрүп жаткан коноктордон баштап, былтыркы жылы кыргыз тили жана адабияты адистигин аяктагандар  да келишти.

   Коноктор өз башынан өткөргөн студенттик күндөрүн, ошол учурдагы көз караштарын эскеришип,  аягында кафедранын мугалимдерине ыраазычылыгын билдиришип, айрымдары башын ийип таазим кылышты.Ошону менен бирге келген конокторду келерки 2018- жылы боло турган жалпы Тарых-филология факультетинен бүтүп кеткен студенттеринин башын бириктирүү максатында уюштурулуп жаткан симпозиумга чакырууга үлгүрүштү.

  Жолугушуунун уюштуруучусу мамлекеттик тилди өнүктүрүү борборунун башчысы Өмүркан Балтабаевна өз сөзүндө төмөндөгүлөргө токтолду:  - Азыркы биздин адистикте билим алып жаткан студенттер албетте келечектеги мамлекеттик тилибиздин өнүгүүсүнө түздөн- түз тиешелүү инсандар, андыктан бүгүнкү жолугушуунун бирден- бир себеби студенттерибизде  өзүнүн келечектеги кесибине болгон  өзгөчө сый-урмат жаралуусуна түрткү болсун деп, билим алууга  стимул болсун деген максатта уюштурганбыз . Демек ,биздин максатыбыз  орундалды .»




Paylaş |                                         Yorum Yaz - Arşiv   97 kez okundu

Yorumlar

Henüz yorum yapılmamış. İlk yorumu yapmak için tıklayın