УНИВЕРСИТЕТ         СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МААЛЫМАТТАР                                            

СОЦИАЛДЫК КОЛЛЕДЖ

« Пара берүү да, да пара алуу да кылмыш»

  6-декабрь күнү Кыргыз-Өзбек университетинин жалпы структуралык түзүдөрүнүн активист студенттери менен жетекчиликтин катышуусунда коррупцияга каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча юридика-бажы факультети тарабынан “Пара берүү да, да пара алуу да кылмыш” аттуу талкуу өткөрүлдү. Бир канча убакыттан бери айрыкча жогорку окуу жайларында салтка айлантылып келе жаткан коррупция маселеси айрыкча студенттер менен мугалимдердин кызуу талкуусуна айланды.
«Бул көнүмүш адат менен биз - студенттер күрөшкөнүбүз менен, бийлик же болбосо тиешелүү органдар тарабынан эч кандай чара көрүлбөсө, пара алган мугалимдер кызматынан четтетилбесе, кайра эле өзүбүзгө кыйын болуп калууда » -деген студенттердин суроолоруна социалдык иштер боюнча проректор Сыргак Токтосунович жооп узатты: 

- Урматтуу жаш достор, силер жогорку окуу жайга бир гана максат менен келгенсиздер, ал да болсо – билим алуу. Тилекке каршы кээ бир араңыздардагы жалкоолордун таасири менен уктап калып сабак калтырып, же болбосо күнүмдүк жеке кызыкчылыктар менен параларга келбей, аягында мугалимдерди акча аркылуу сессияларды бүтүрүүгө мажбурлап жатасыздар. Мугалим бул –ыйык. Биз сиздерге эч качан жамандык каалабайбыз.Ооба, арасында чектен ашкандар да жок эмес, бирок баары бир жакшы окуп, сабак калтырбай, өз күчү менен экзамендерге жооп берген студенттерди кулатууга эч биринин жүрөгү даабайт. Ошондуктан коррупциянын келип чыгуу жолдорун бир аз ойлонуп туруп, эң алгач ар ким өзүнөн баштасын! Анткени эртеңки таза коом мына азыркы билим алып жаткан жаштардан түзүлөт.
Бул теманын айланасында түшүндүрүү иштери кураторлор менен жана ар бир группанын студенттери менен да өзүнчө болмокчу.



Paylaş |                                         Yorum Yaz - Arşiv   84 kez okundu

Yorumlar

Henüz yorum yapılmamış. İlk yorumu yapmak için tıklayın